28-июнда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...12, күндүз 21...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14 градус болот.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.