Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент Сооронбай Жээнбеков атап өткөн бир нече тармактардагы кемчиликтерди мурунку бийликтин иштерине баа берүү деп эсептейт. Турсунбеков мындай пикирин “Азаттыкка” билдирди:
- Баа катары санасак да болот. Демек ошол жерлерде маселе бар экенин көрүп атат. Ал маселелерди чечиш үчүн аткаруу бийлиги тапшырма алды деп түшүнүш керек.
Бүгүн парламентте президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукка жана депутаттарга кайрылып сөз сүйлөдү. Ал акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты. Президент өлкөнүн кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйгөнүн белгиледи.
“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүш ыргагына ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков. (TSh)