Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

АКШ Түркияга F-35 учактары берилбей калышы мүмкүн экенин эскертти


АКШнын F-35 аскердик учагы.
АКШнын F-35 аскердик учагы.

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдирүүдө. Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Уэсс Митчеллдин 26-июнда айткандарына караганда, Вашингтон Анкарага эгер ал Орусиядан ракетадан коргонуучу С-400 системасын алуу планынан баш тартпаса, АКШ бомба таштоочу жана ок атуучу F-35 учактарын сатпай коюшу мүмкүн экенин эскерткен.

Башкача айтканда, эгер НАТОнун мүчөсү болуп эсептелген Түркия ракетадан коргонуучу С-400 системасын алса, АКШ Орусиянын коргонуу секторуна каршы киргизген санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Буга чейин АКШ Конгрессинде Түркияга F-35 учактарын сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алуу жараяны башталган. Талкуулардын жүрүшүндө айрым конгрессмендер "эгер Түркия АКШнын учактарын Орусиянын ракетага каршы системасы менен бирге колдонсо, америкалык технология Москванын колуна тийип калышы мүмкүн" деп кооптонуп жатышканын билдиришкен.

Ал эми Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли АКШнын С-400 системасын сатып алуудан баш тартуу талабын “шантаж”деп атаган.

Түркия НАТОнун алдындагы “милдеттенмелеринин баарын аткарып жатканын”, АКШ F-35 учактарын өз убагында берет деп күтөрүн белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG