Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

ЖККК: Машинелерди оңдоп-түзөө үчүн тастыктама талап кылынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автоунааларды оңдоп-түзөө эрежелерине ылайык, оңдоочу жайлар машиненин кузовун түздөөдө айдоочудан атайын тастыктама талап кылышы керек. Ал документти Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу кызматы берет.

Тастыктамада автоунаа жол кырсыгына кабылып-кабылбаганы, кабылса териштирүү бүткөнү жазылышы керек. Мындан ары бул жобону аткарууга көзөмөл күчөтүлөрүн мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” кабарлады.

- Мисалы, жол кырсыгына кабылып, анан качып кеткендер көп. Экинчи тарап арыз жазган учурда күнөөлүү айдоочу мыйзам бузууну жашыруу үчүн түнү менен машинесин жасатып алып жатат. Биз машине оңдоочу жайлар менен чогуу иштешели деп ушул ишти баштадык, - деди Оторов.

Кыргызстанда акыркы жылдары адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары көбөйүп жатат. Милициянын маалыматына караганда, кырсыктан кийин изин жашырып кеткен айдоочулар арбын кездешет. (TSh)

XS
SM
MD
LG