Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Нарында Эсеп палатасынын инспектору кылмышка шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында Эсеп палатасынын инспектору "пара талап кылган жана алган" деп айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматта Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча инспектору Нарын райондук билим берүү башкармалыгын текшерип жатып “бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаландыңар” деген негизде 200 миң сом талап кылганы айтылат. Мекеменин башкы бухгалтери бул акчанын бир бөлүгүн – 80 миң сомду инспектордун жубайынын эсебине которгонун айтып берди.

Факты боюнча козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук башкармалыгы тергеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG