Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

УКМК: Тунгышбаев Казакстанга өткөрүлүп берилди


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалымдады. Анын айтымында, казакстандык блогер 26-июнда жөнөтүлдү:

- Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Жарандык жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам тууралуу Кишинев конвенциясынын, Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык, Казакстан өлкөсүнүн жараны Муратбек Тунгышбаев бул өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан УКМКнын кызматкерлери алып кеткени тууралуу 26-июндун кечинде маалым болгон.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Натыйжада Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылган.

26-июнда укук коргоочулар жана активисттер атайын жыйын өткөрүп, "Тунгышбаев боюнча Октябрь райондук сотунун чечими мыйзамсыз чыгарылды" деп сындашкан.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Тунгышбаев Кыргызстанга алгач 2012-жылы кирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу боюнча кайрылган. Бирок ал кийин Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу арызы каралбай калган. Кийин ал 2014-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Качкын макамын алуу боюнча арызын ал бул жолу Мамлекеттик миграция кызматына 2018-жылдын 15-майында берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG