Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:40

Дональд Туск ЕБ лидерлерин миграция боюнча чукул чара көрүүгө чакырды


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Европа кеңешинин президенти мындай үндөөнү Евробиримдиктин лидерлерине кезектеги саммитти утурлай 27-июнда жолдогон катында жасады.

Ага катар Евробиримдиктин тышкы чек араларын бекемдөө боюнча жаңы кадамдарды, анын ичинде Түндүк Африкада мигранттарды кабыл алуу боюнча борборлорду түзүүнү сунуштады.

“Күчтүү, духу боюнча антиевропалык, антилибералдык, авторитаризмге ачык ыктагандар гана мыйзамсыз миграциянын толкунун токтото алат дегенге ишенген адамдар улам көбөйө баштады. Эгер адамдар миграциялык кризистин эффективдүү чечимин алар гана сунуш кыла аларына ишенсе, айткандарга да ишенет”, - деген Туск өз катында мыйзамсыз миграция көйгөйүн жөнгө салуу үчүн убакыт “аздыгын” да эскерткен.

Еврокеңештин президенти белгилегендей, Евробиримдик 2015-жылкы эң оор миграциялык кризистен бери чек арадан мыйзамсыз өтүүлөрдү 96% кыскарта алды.

Дональд Туск биримдиктин тышкы чек чек араларын бекемдөө үчүн чыныгы качкындарды экономикалык мигранттардан ажыратуучу атайын борборлорду Европанын сыртында уюштурууну сунуш кылды.

Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери кезектеги саммитке 28-29-июнда чогулат.

Миграция боюнча Эл аралык уюмдун эсебинде, быйыл 1-январдан 6-июнга чейин Евробиримдиктин чек арасына Жер ортолук деңизи аркылуу 33,400 мигрант келип, 785и деңизде чөгүп өлгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде 73,078 мигрант келсе, 1764ү деңизге чөгүп кеткен.

(UE)

XS
SM
MD
LG