Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Путин менен Трамптын саммити макулдашылды


АКШ делегациясы Орусия президенти менен жолуккан учур. 27-июнь, 2018-жыл.
АКШ делегациясы Орусия президенти менен жолуккан учур. 27-июнь, 2018-жыл.

Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын саммитинин убактысы жана жери макулдашылганын оболу Кремлдин кеңешчиси Юрий Ушаков билдирди.

Анын айтымында, саммит качан жана кайсыл жерде болору 28-июнда жарыяланат, саммит эки тарап үчүн тең ыңгайлуу үчүнчү өлкөдө өтөт жана даярдык үчүн бир нече апта талап кылынат.

Бүгүн Кремлде Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен кездешип жатып, орус президенти Владимир Путин Вашингтон менен Москванын карым-катышын калыбына келтирүүчү кадамдар болот деген “үмүт жаралып жатканына" токтолгон:

- Орусия конфронтацияга эч убакта умтулган эмес, бүгүн сиз менен тең укуктуу жана кызыкчылыктарды урматтоонун негизинде толук форматтуу мамилени калыбына келтирүү үчүн эки тарап эмне жасай аларын сүйлөшөбүз деп үмүттөнөм.

Болтон Путин менен жолугушууда АКШ-Орусия алакасын “кантип жакшыртууну талкуулоону жана тараптар макулдашууга жетип, жылыш жасай алуучу чөйрөлөрдү табууну” көздөрүн белгилеген.

Кийин Москвадагы басма сөз жыйында, эки тараптуу саммит макулдашылганын Болтон дагы ырастап, анын убактысы жана жери тууралуу жарыяны Вашингтон менен Москва 28-июнда бир учурда жарыялай турганын кошумчалады.

Президент Трамп Путин менен “жакын арада” жолугарын өткөн аптанын соңунда америкалык телеканалдардын бири менен болгон маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирген.

Кремл кеңешчисинин сөздөрү Трамп менен Путиндин кездешүүсү июль айынын орто ченинде, АКШнын президенти НАТОнун Брюсселдеги саммитине жана Британияга келген учурда болорун ишара кылууда.

НАТОнун Брюсселдеги саммити 11-12-июлда өтөт, ал эми 13-июлда Трамптын Британияга барышы белгиленген.

Саммит өтүүчү ыктымал шаарлар катары буга чейин Вена менен Хельсинки аталган.

Трамп менен Путин буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок алар өзүнчө эки тараптуу саммит өткөрө элек.

Трамп өзү Путин менен “жакын арада” кездешерин быйыл мартта да билдирген.

Бирок андан бери Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШнын быйылкы жаңы санкцияларынан, Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин буга жооп чара катары дипломаттарды чыгаруудан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлаган.

Ага чейин алака-катыш Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы уруштардан, Сирия жаңжалынан улам да бузулган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG