Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кабул козголоңчу генералдын тарапташтарын Дүйшөмбүгө өткөрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кабул Дүйшөмбүгө төрт тажик жаранын өткөрүп берди. Алар Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тарапташтары. Бул тууралуу 27-июнда Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин расмий өкүлү Кохир Шох билдирди.

Анын айтымында, төртөө тең генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоң аракети ишке ашпай калгандан кийин Ооганстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар Тажикстандын Дарваз районуна чектеш Бадахшан провинциясындагы Борак деген жерде кармалган.

Азырынча алардын тажик-ооган чек ара аймактарындагы куралдуу топтордун катарына кошулган-кошулбаганы белгисиз.

Маалыматка караганда, Тажикстанга өткөрүлүп берилген жарандардын төртөө тең Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Ванч районунун тургундары. Алардын экөө болгону 23 жашта.

Тажик бийлиги коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы "кылмыштуу топ түзүп, 2015-жылы 4-сентябрда Вахдат шаарындагы ички иштер бөлүмүнө жана Душанбе аэропортундагы блокпостко куралдуу кол салуу уюштурган" деп айыптоодо. Анда Вахдаттын төрт милиция кызматкери жана ИИМдин атайын багыттагы төрт жоокери курман болгон. 2016-жылы августта Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон «Абдухалим Назарзоданын козголоңунда мамлекеттик төңкөрүштүн бардык белгилери болгонун» билдирген.

Генерал Назарзоданын өзү 2015-жылы 16-сентябрда Дүйшөмбүдөн 50 чакырым жерде жайгашкан Ромит капчыгайындагы атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөн. Кол салуу жана атайын операция маалында жалпысынан 52 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG