Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

ЖК чек арадагы чыр-чатактар тууралуу өкмөттүн маалыматын угат


Кулунду айылы. Жергиликтүү тургундар сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүп турушат. 5-июнь, 2018-жыл.
Кулунду айылы. Жергиликтүү тургундар сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүп турушат. 5-июнь, 2018-жыл.

Бүгүн Жогорку Кеңеш чек ара аймактарындагы чыр-чатактар, алардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул айдын башында Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Айыл тургундарынын чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкөнүн чек арачылары каршы чыгып, анын акыры жаңжалга айланган. Ок атылып, тажикстандык үч чек арачы төрт куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, кийин коё берилген.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы эки күндүк жумуш сапары учурунда Максат айылынын тургундары менен жолуккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG