Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Үрмаралдагы кен казуу маселеси парламентте көтөрүлдү


Үрмарал кенине байланыштуу митингдин катышуучулары.
Үрмарал кенине байланыштуу митингдин катышуучулары.

Таластын Бакай-Ата районундагы Үрмарал тоосундагы кен казуу иштери боюнча маселе парламентте көтөрүлдү. Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев кен казууга каршы болуп жаткан элдин койгон маселеси туура экенин белгилеп, "өкмөт тез арада жооп бериши керек" деди.

- Үч айыл өкмөтү суу ичкен Үрмаралдын башынан алтын каза башташыптыр. Эл буга нааразы. Биз эптеп акча таап таза суу чыгарып берели деп жатсак, бул эмне деген иш? Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев, ойлонуп туруп иш кылбайлыбы, элдин ден соолугун ойлоп? - деди депутат.

Төрага Дастанбек Жумабеков өкмөткө тапшырма берилгенин маалымдады.

27-июнда Таластын Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштери башталганын айтып, аны токтотуу демилгеси менен айыл борборуна нааразы болуп чогулушкан.

2017-жылдын 4-майында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөргөн. Натыйжада "Полюс голд кейжи" компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган. Компания өз ишин жыйырма күн мурда баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG