Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:48

Карашев: "акылдуу” эсептегичтерди орнотууда коррупция бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Аалы Карашев "Улуттук энергохолдинг" абоненттерге орнотуп жаткан “акылдуу” эсептегичтерди жогорулатылган баада сатып алып жатканын билдирди. Эл өкүлү коңшу өлкөлөрдү мисалга тартып, “акылдуу” эсептегич чыгарган ишкана ачууну сунуш кылды.

- “Акылдуу” эсептегичтерди коррупциялык жол менен үч эсе кымбат баада алып жатасыңар. Канчанкыга чейин сырттан, Кытайдан аласыңар? Өзүбүздө чакан ишкана ачып, эсептегичти чогултса болбойбу? Жасабайсыңарбы?

"Улуттук энергохолдингдин" өкүлдөрү маселе каралып жатканын билдиришти.

Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 1 млн. 400 миң абонент бар. Анын 204 миңине гана "акылдуу” эсептегич орнотулган. "Улуттук энергохолдинг" бир “акылдуу” эсептегичти фазасына байланыштуу 5000 сомдон 9000 сомго чейин сатып алууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG