Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

УКМК: Ысык-Көлдө тыюу салынган уюмдун мечити жөнүндө маалымат такталган жок


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Парламент жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде өлкөдө тыюу салынган диний агымдын идеясын жайылткан мечит боюнча кайрылуу түшүп жатканын маалымдады.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү Канжарбек Бакаев жооп берип, бүгүнкү маалыматтар боюнча Ысык-Көл облусунда “инкарчы” имамдар жок экенин билдирди.

Бирок депутат УКМКнын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, шектүү уюмдар өз идеясын жайылтып жатканы жөнүндө көп кайрылуу түшүп жатканын белгиледи.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Анын тарапкерлери "балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизор колдонбош керек" деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG