Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

Түндүк-Түштүк жолуна Кытай бөлгөн насыянын 440 миллион доллары сарпталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк-Түштүк жолуна Кытай бөлгөн насыянын 440 миллион доллары колдонулду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Жол долбоорлоо институтунун инженер-технологу Кубанычбек Мамаев билдирди.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жол төрт келишимдин негизинде төрт фазада ишке ашырылат. Анын биринчи жана экинчи фазасын Кытайдын Эксимбанкы (Экспорттук-импорттук банк) каржылоодо. Биринчи фазага 399 миллион, экинчи фазага 298 миллион доллар каралган.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 698 миллион доллардын 440 миллиону сарпталды. Учурда биринчи фазада каралган жолдун 67 пайызы, экинчи фазанын 59 пайызы курулуп бүттү.

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети жакында Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтеген депутаттык жумушчу топ түздү.

Жолду куруу боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев демилге көтөрүп, жумуш 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын байланыштырган жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтөт.

Буга чейин айрым жергиликтүү интернет-сайттар жаңы автоунаа жолунан 600 млн. доллар уурдалганын жазып чыгышкан. Андагы документтерде курулуштун баасы бир топ жогорулатылганы көрсөтүлгөн. (KR)

XS
SM
MD
LG