Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Арменияда Күзөт кызматынын мурдагы башчысы эки айга камалды


Тергөө мекемеси Вачан Казарянды "мыйзамсыз жол менен байыган" деп айыптап жатат. 25-июнь, 2018-жыл.
Тергөө мекемеси Вачан Казарянды "мыйзамсыз жол менен байыган" деп айыптап жатат. 25-июнь, 2018-жыл.

28-июнда Ереван соту Армениянын мурдагы президенти жана премьер-министри Серж Саргсяндын Күзөт кызматынын башчысы Вачан Казарянды эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Армениянын атайын тергөө кызматы билдирди. Тергөө мекемеси 25-июнда Ереванда кармалган Казарянды мыйзамсыз жол менен байыган деп айыптап жатат.

Тинтүү учурунда анын жанынан 120 миң доллар жана 486 миллион армян драмы (900 миң доллар) табылган. Ал акчаны өзүнүн банктагы эсебинен алганын, бирок эсептин чыныгы ээси башка адам болгонун билдирүүдө.

Мурдагы президенттин башкы күзөтчүсү Вачан Казарян кызматынан 17-майда премьер-министр Никол Пашиняндын буйругу менен алынган.

Серж Саргсян Арменияны президент катары он жыл башкарган. Ал быйыл президенттиктен кеткенден кийин өкмөт башчылык кызматта алты күн гана иштеп, 23-апрелде премьер-министрликтен кетүүгө аргасыз болгон. Апрель жана май айларындагы нааразылык акцияларынан кийин 8-майда оппозиционер Никол Пашинян өкмөт башчы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG