Тажикстандын Башкы прокуратурасы студенттерди чет өлкөгө атайын уруксатсыз чыгарбоо жөнүндө Билим берүү министрлигинин чечимин карай баштады. Башкы прокуратура бул чечим өлкөнүн мыйзамдарына канчалык дал келерин текшерет.
Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларынын студенттерине жана мугалимдерине атайын уруксатсыз чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салган чечимди жыл башында эле кабыл алып, жакында эле коомдук талкууга чыгарган. Бул кабар көп адамдарды нааразы кылып, укук коргоочулар жана жарандык активисттер Башкы прокуратурага министрликтин чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Билим берүү министрлиги болсо мындай чара менен алар студенттердин чет жактагы экстремисттик уюмдарга кошуп кетишинин алдын алып жатканын жүйө кылып жатат.