Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Парламенттен уурдалган 30 миң доллар боюнча сот башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы уурдалганына байланыштуу камалган Арсен Закировдун иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Анын айтымында, ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жатат.

Алгачкы отурум 21-июнда болуп, иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт суралгандыктан кийинки отурум 10-июлга белгиленди.

Акча уурдалганы тууралуу маалымат жалпы коомчулукка быйыл жыл башында белгилүү болгон.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин аппаратынын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камаган. Кийин ушул эле беренелер боюнча экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

Акча кымырылып кеткен учурда комитетти депутат Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.

28-апрелде Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.

1-июнда УКМК Аскарбек Шадиев Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткенин кабарлаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG