Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Түркия: Кыргызстандык мугалим жыныстык ыдык көрсөттү деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу жергиликтүү "Doğan" кабар агенттиги жазып чыкты. Анда 28-июнда Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту кыргызстандык И.Б.га каршы ачылган доо боюнча соттук жараян болгону айтылган. Соттон 56 жаштагы И.Б. аттуу кыргызстандык 13 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөттү деп айыпталып жатат.

"Doğan" кабар агенттиги окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгонун жазат. Бирок айыпталуучу өзүнө коюлган доомат менен макул эмес экенин айткан. Сотто ал: “Мен 25 жылдан бери пианинодон жеке сабак берем. Мен кыянаттык кылып окуучумдун буттарын кармалаган жокмун, педалды бассын деген максат менен кылгам. Бул сабактын бир ыкмасы", - деген. Бул боюнча соттук териштирүү дагы улантылат. Ага чейин шектүү камакта кала бермекчи.

Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB/TSh)

XS
SM
MD
LG