Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Путин Сириядан 1140 жоокер чыгарылганын билдирди


Орусиянын мамлекет башчысы аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган кечеде. 28-июнь, 2018-жыл.
Орусиянын мамлекет башчысы аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган кечеде. 28-июнь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы убакта Сириянын аймагынан 1140 жоокер, 13 аскердик учак жана 14 тик учак чыгарылганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган кечеде билдиргенин "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады.

Орусия Сириядагы аскердик операцияларын расмий түрдө 2015-жылы күзүндө баштаган. Орусиялык аскерлер Сирия чатагында президент Башар Асад тарапта болушту. Былтыр декабрда Кремль Сирияда тирешүү басаңдап калгандыктан аскерлеринин негизги тобун чыгара баштай турганын жарыялаган.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирияда 2015-жылдан бери 90 орусиялык жоокер курман болду. Бул -орус армиясынын өзүндөгү гана жоготуулар. Мындан тышкары, жеке аскердик компаниялар аркылуу барып согушкан орусиялыктар да бар экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG