Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Эки Корея Азия оюндарында биргелешкен командаларын чыгарат


Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында дүйнөлүк 23-кышкы Олимпиада оюндары ачылышы. Эки Кореянын өкүлдөрү. 9-февраль, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында дүйнөлүк 23-кышкы Олимпиада оюндары ачылышы. Эки Кореянын өкүлдөрү. 9-февраль, 2018-жыл.

Түштүк жана Түндүк Корея быйыл Индонезияда өтө турган Азия оюндарында спорттун үч түрү боюнча биргелешкен командаларын чыгарат. Ошондой эле 18-августта оюндардын ачылыш аземинде эки өлкөнүн спортчулары бир туунун алдында өтүшөт. Мындай чечимге бүгүн эки Кореянын Улуттук Олимпиада комитеттеринин өкүлдөрү Азиянын Олимпиада кеңешинин башчысы менен жолугуп, сүйлөшкөн соң келишти.

Эки Корея баскетбол, кайык жарышы жана каноэ менен сүзүү боюнча биргелешкен командаларды жөнөтмөй болушту. Февраль айында эки кошуна мамлекет Пхёнчаңгдагы Олимпиада оюндарына биргелешкен аялдардын хоккей командасын чыгарышкан.

18-Азия оюндары Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында 18-августтан 2-сентябрга чейин өтөт.

XS
SM
MD
LG