Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

HRW: Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди этибарга албай жатат


"Human Rights Watch" уюмунун эмблемасы.
"Human Rights Watch" уюмунун эмблемасы.

"Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевдин Казакстанга экстрадиция болушу тууралуу билдирүү таратты. Анда Кыргызстан мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди этибарга албай жатканы айтылат.

"Бул кыжыр кайната турган нерсе. Тунгышбаев Кыргызстандан башпаанек сураганына карабастан, экстрадиция боюнча чечимге даттанууга мүмкүндүк бербестен Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берди.​ Муну менен Кыргызстан казак активистин саясий жүйөлүү кылмыш иштери күтүп жаткан жана ал ырайымсыз мамиле менен кыйноого дуушар болуп калышы мүмкүн болгон өлкөгө эстрадиция кылды", - деп билдирген HRW.

Уюмдун укук коргоочулары Кыргызстандын АКШ, Германия жана Британия сыяктуу эл аралык өнөктөштөрүнө да кайрылып, Тунгышбаевдин укугун коргоо боюнча өз милдеттерин аткара албай калганына көңүл бурууга чакырды.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Ал 26-июнда Казакстанга өткөрүлүп берилген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. (КЕ)

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

XS
SM
MD
LG