Түркмөнстанда жарандардын өлкөдөн чыгышына тыюу салган чектөө 40 жашка чейин жогорулады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуз облусундагы кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, 25-июнда Дашогуз шаарынын миграциялык кызматы өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарга тыюу салынган курак 30 жаштан 40 жашка чейин жогорулаганын билдирген.
Туристтик визага зарыл болгон уруксат кагаздарын алыш үчүн миграция кызматына кайрылган жергиликтүү тургундардын айтымында, чиновниктер «жогору жактан» курак боюнча жаңы чектөөлөр жөнүндө буйрук келгенин айтып, маалымкат берүүдөн баш тартышкан.
«Тыюунун себептерин сураганыбызда облуста ишке жарамдуу эч ким жок калганын айтып, «Силер кетип калсаңар ким иштейт?» деп жооп беришти», - деди 36 жаштагы жергиликтүү тургундардын бири.
Апрелдин ортосунда «Азаттыктын» түркмөн кызматы бийлик эл аралык каттамдарга 30га чыга элек жарандарды киргизбөөгө ниеттенип жатканын жазган. Буга чейин эл аралык каттамдардан аялдар да чыгарылып жатканы кабарланган.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдөн чыгууда жарандар үчүн чектөөлөр бар экенин расмий жарыялаган эмес. Бул тууралуу маалыматтар мамлекеттик басылмаларда берилбейт.