Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартууну макулдашты


Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити. 28-июнь, 2018-жыл.
Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити. 28-июнь, 2018-жыл.

Орусияны Украинадагы агрессиясынан улам жазалаган экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартууну Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өтүп жаткан саммитинде макулдашты.

Жыйында санкцияларды узартууга Европа Биримдигинин лидерлерин Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Эммануел Макрон да чакырган.

Көбүнесе Орусиянын банк жана энергия тармагын бутага алган санкциялар алгач 2014-жылдын жайында Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы куралдуу тирешүүдө жикчилерди колдой баштагандан кийин киргизилген. Андан бери санкциялар алты ай сайын улам жаңы мөөнөткө узартылып келет.

Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салыш үчүн Минск макулдашуусу түзүлгөн менен анын шарттарын азырынча тараптардын эч бири толук аткара элек. Кагылыштардан болсо азыркыга чейин 10300дөн ашуун киши кырылды.

Евробиримдиктин лидерлери ошондой эле саммиттеги билдирүүсүндө Украинанын чыгышында 2014-жылы малайзиялык жүргүнчү учактын атып түшүрүлүшү боюнча БУУнун резолюциясын “толугу менен колдоду”. Анда 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Буга байланыштуу иликтөөчүлөрдүн эл аралык тобу учакты атып түшүрүүдө орус армиясынын карамагындагы “Бук” ракеталык системасы колдонулган деген бүтүмгө келген. Орусия болсо бул тыянакты четке кагып жүрөт.

Евробиримдик өз билдирүүсүндө Москваны жүргүнчү узактын атып түшүрүлүшү боюнча “жоопкерчиликти алууга, чындыкты жана адилеттикти орнотуш үчүн толук кызматташтыкка” чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG