Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Баткен шаарында тарых музейи ачылды


Баткендеги музей. 29-июнь, 2018-жыл.
Баткендеги музей. 29-июнь, 2018-жыл.

Баткен шаарында жайгашкан музейге биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон жасалган 2000ден ашык экспонаттар коюлду. Арасында ташка чегилген эң алгачкы жазма экспонаттар да бар.

Бүгүн музейдин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Орусиядан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген илимпоздор, кыргызстандык окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты.

Музейди ачуу демилгеси Баткен шаардык мэриясы менен Баткен мамлекеттик университетине таандык. Жергиликтүү тарыхчы, мугалим Абдинаби Кадыров баштаган тарыхчылар да ага салым кошкон. (MdN)

XS
SM
MD
LG