Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

АКШ Кыргызстанды адам аткезчилиги боюнча экинчи топко кошту


Мамлекеттик катчы Майк Помпео баяндама менен тааныштырууда. Вашингтон, 28-июнь, 2018-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео баяндама менен тааныштырууда. Вашингтон, 28-июнь, 2018-жыл.

Мамлекеттик департаменттин адам аткезчилиги менен эмгекке мажбурлоонун дүйнө өлкөлөрүндөгү абалы боюнча жаңы баяндамасы Вашингтондо 28-июнда жарыяланды.

Анда дүйнөнүн 187 мамлекети менен аймагы үч топко бөлүнгөн.

"Адам аткезчилигинин курмандыктарын коргоонун минималдуу стандарттары толук аткарылууда" деп табылган биринчи топтогу 39 мамлекеттин көбү - Батыш өлкөлөрү. Арасында эски совет аймагынан жалгыз Грузия бар.

Кыргызстан болсо башка 117 өлкө менен бирге экинчи топко кошулган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин баамында, бул топтогу өлкөлөрдө минималдуу стандарттар да толук камсыздала элек, бирок адам аткезчилигин жана эмгекке мажбурлоону токтотуш үчүн олуттуу аракеттер көрүлүүдө.

АКШнын баяндамасында, маселен, Кыргызстанда өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар адам аткезчилигинин 112 курмандыгына жардам бергенин кабаралашканы айтылат.

Ал эми "абал эң начар, минималдуу стандарт да жок, бул үчүн олуттуу аракет да көрүлгөн жок" деген үчүнчү топтогу 23 өлкөнүн ичинде эски совет аймагынан Орусия, Беларус жана Түркмөнстан бар.

АКШнын баяндамасындагы маалыматка караганда, 2017-жылы адам аткезчилигинин аныкталган курмандыктарынын саны 100 409га жеткен. 2016-жылы бул көрсөткүч 68 453 болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG