Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Талас: Шаардык кеңештин депутаттары "мэр отчет бербей жатат" деп нааразы


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары мэр Айдарбек Жузупбеков бир жылдан ашык убактан бери "отчет бере элек" деп нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин бир катар депутаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр 25-июнда шаардык кеңешке чакырылып, бирок келген эмес. Депутаттар муну менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам бузулуп жатканын айтышууда.

Аталган мыйзамдын 44-беренесине ылайык, мэр жарым жылда кеминде бир жолу аткарылган иштер, бюджет, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын сарпталышы, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардамдар, калкты социалдык жактан коргоо программалары тууралуу жергиликтүү депутаттарга отчет берүүгө тийиш.

Шаардык кеңештин депутаттарынын нааразылыгы тууралуу мэр комментарий бере элек.

Айдарбек Жузупбеков Талас шаарынын мэринин кызматына 2017-жылы мартта шайланган. (AlS)

XS
SM
MD
LG