Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Баткенде Исфара дарыясын туура пайдалануу боюнча эл аралык жыйын өтүүдө


Исфара дарыясы.
Исфара дарыясы.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) колдоосу менен өтүп жаткан иш-чара "Исфара - достук дарыясы" деп аталат. Ага Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан суу тармагынын адистери катышууда. Анда аймактагы сугат жана таза суунун тартыштыгы, дарыяларды чыр-чатаксыз пайдалануу зарыл экендиги айтылды.

Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын элин суу менен камсыз кылган Исфара дарыясын чогуу, туура пайдаланууга багытталган мындай иш-чара быйыл үчүнчү жолу уюштурулду. Буга чейинки эки жыйын Тажикстанда өткөн.

Исфара дарыясы Баткенде Ак-Суу деп аталат. Ак-Суу Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына куюп, андан кыргыз жана тажик дыйкандары пайдаланышат. (MdN)

XS
SM
MD
LG