Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:51

Прокуратура: Автоунаа номурлары кымбат даярдалганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан аша чабуусу") беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура билдиргендей, 2016-жылдын 31-майында "Инфоком"  ишканасы аталган агенттик менен макулдашып, бир транспорттун номурун даярдоо акысын 32,06 сомго мыйзамсыз ​көтөргөн. Жогорулатылган тарифтин жыйынтыгында Автоунаалардын номурун даярдоо борборунун жетекчисине бир айда 240 608 сом жана техникалык кызматкерлерге 163 712 сом төлөнгөн.

Ал эми 2016-жылдын 10-ноябрында башка тариф бекитилип, бир номур белгини даярдоо акысы 9,5 сомго жогорулатылган.

Башкы прокуратура тараткан маалыматта муну менен бааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамды бузуу менен 2016-жылдын майынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин автоунаа ээлеринен 6 миллион сомдон ашык акча алынганы белгиленген. 

Кылмыш иши тергөө органдарына жиберилгени кабарланды. (NT)

 

XS
SM
MD
LG