Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

БУУнун Миграция агенттиги АКШ көргөзгөн талапкерди четке какты


Кен Исаакс.
Кен Исаакс.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Миграция боюнча агенттиги бул уюмдун башчылыгына АКШнын президенти Дональд Трамп сунуш кылган талапкерди четке какты. БУУнун миграция мекемесин америкалыктар 1951-жылдан бери башкарып келатышат.

Эл аралык миграция уюмунда бүгүн үч айлампа менен өткөн добуш берүүнүн натыйжасында "Samaritan's Purse" деген христиандык гуманитардык уюмду башкарган Кен Исаакс жарыштан чыкканын дипломаттар билдиришти.

Миграция уюмунун башчылыгы үчүн эми португалиялык Антонио Виторино менен Коста Рикадан Лаура Томсон ат салышууда.

Кабарларда айтылгандай, АКШнын талапкеринин өтпөй калышына президент Дональд Трамптын администрациясынын мыйзамсыз мигранттардын үй-бүлөлөрүн бөлгөн, айрым мусулман мамлекеттердин жарандарынын Америкага келишине тыюу салган чечимдери салым кошкон. (UE)

XS
SM
MD
LG