Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөнүн Жогорку сотунун борбор Кишиневдун мэрин шайлагандан кийинки жыйынтыкты "жараксыз" деп тапкан чечимин бекитти.
БШКнын 29-июндагы сессиясы өтүп жатканда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышына каршы адамдардын тобу нааразылык билдирип турушту.
Кишинев мэрин шайлоонун 3-июндагы экинчи айлампасында батышчыл талапкер, "Ар-намыс жана Чындык" платформасынын лидери Андрей Нэстасе жеңип, орусиячыл талапкерди уткан.
Бирок сот 19-июнда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, эки талапкер тең добуш берүү күнү элди үгүттөө үчүн социалдык медианы колдонгонун жүйө келтирген.
Батышчыл талапкердин жеңиши таанылышын талап кылып, миңдеген демонстранттар шайлоодон бери бир нече күн бою демонстрация өткөрүшкөн.
Бирок шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышын 25-июнда Молдованын Жогорку соту да колдогон. (UE)