Ирандын Хузистан аймагындагы Абадан шаарында жайгашкан мунайды кайра иштеткен заводдогу өрттө бир адам набыт болуп, 18 киши жараат алды. Алардын ону ооруканада жатат.
ИСНА маалымат агенттиги тараткан кабарга ылайык, 27-июнда заводдун химиялык комплексин өрт чалган. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону айтыла элек.