Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Бишкекте табиятты коргоого чакырган #Art140bishkek көргөзмөсү өтөт


Бишкектин борбордук бөлүгү.
Бишкектин борбордук бөлүгү.

Бишкек шаарында табиятты коргоого, калаанын тарыхын урматтоого жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоого чакырган көргөзмө өтөт. #Art140bishkek аттуу маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 1-июлда башталып, 8-июлга чейин уланат.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, көргөзмөгө сүрөтчүлөрдүн 140 эмгеги коюлат. Анын жарымы боёкто тартылган, жарымы фотосүрөттөр. Эмгектерде шаардагы тарыхый имараттар, табият жана шаар тургундары менен коноктору чагылдырылган.

Көргөзмөнү Бишкек мэриясы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен чогуу уюштурууда.

Быйыл апрелде Бишкектин 140 жылдыгы белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG