Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:01

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев өзүнө карата козголгон кылмыш ишти азыркы бийликтин "саясий өч алуусу" деп баалады. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Президенттин иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылганым үчүн менден өч алып жатышат. Тергөөгө барууга даярмын, эч жакка качпайм. Байлыгым да жок.

Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигинен жана "Мегаком" компаниясындагы кеңешчи кызматынан быйыл апрелде кеткенин кошумчалады. Азыр "Айкөл Ала-Тоону" Амантур Жамгырчиев башкарууда.

Быйыл мартта Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керектигин билдирген эле. Муну ал "үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө" аракети деп сыпаттаган. Асылбек Жээнбеков муну чагымга теңеп, мандатын тапшырууну же калтырууну эл чечерин айткан.

29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козголгонун маалымдаган.

Алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектеп жүргөн.

Быйыл апрелде “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган.​ (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG