Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Бүгүн Бишкекте ишкер энелердин форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында бүгүн аялдарды бизнеске шыктандыруу максатында “Ишкер энелердин форуму” өтөт. Аны “Мен ишкермин” клубу уюштурууда. Уюмдун жетекчиси Асел Алымбаева “Азаттыкка” билдиргендей, 300дөй адам чакырылган жыйында бизнес баштоонун сырлары, жалкоолукту жеңүүнүн жана лидерликке умтулуунун жол-жоболору үйрөтүлөт. Келгендерге үй-бүлө менен бизнести тең ийгиликтүү алып жүргөн жети аял тажрыйба бөлүшөт. Форум “Алтын сарай” ресторанында болот.

Адистердин баамында, Кыргызстанда ишкерликке умтулган аялдардын катары калыңдап баратканы менен, каржылык көз карандылык маселеси орчундуу көйгөй бойдон кала берүүдө.

2016-жылы Азия банкынын каржылоосу менен айыл жана кичи шаарларда аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жаатында долбоор ишке ашкан. Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарында 14 тренинг өткөрүлүп, 287 аял бизнес-план түзүүгө, лидерликке үйрөнгөн. 80 аялга насыя берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG