Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына кырктан ашуун тасма сунушталды


Фестивалда сыйлык катары берилүүчү статуэтка.
Фестивалда сыйлык катары берилүүчү статуэтка.

“Бир дүйнө - Кыргызстан - 2018” даректүү тасмалар фестивалына фильмдерди кабыл алуу 20-июнда токтоп, тандоо жараяны башталды. Жумушчу топ июль айында тасмаларды иргеп, фестивалга катышууга жолдомо берет.

Уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, быйыл чет элдик жана жергиликтүү кырктан ашуун фильм сунушталды. Кабыл алуу 25-апрелде башталган.

"Бир дүйнө - Кыргызстан -2018" даректүү фильмдер фестивалынын талабына ылайык, тасманын убактысы бир сааттан ашпашы керек.

Фестиваль “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан менен 12-17-ноябрь күндөрү Бишкекте өтүп, андан ары аймактарда уланат. Иш-чаранын быйылкы айлампасы БУУнун адам укуктары боюнча "Адамдын ар-намысы үчүн" декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналат. Быйыл Борбор Азиядагы адам укуктары маселесиндеги оң жана терс өзгөрүүлөргө да басым жасалмакчы.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы ушуну менен он экинчи ирет өтүп жатат. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.

Бул фестивалга "Азаттыктын" журналисттери даярдаган бир нече фильм катышып, байгелерди алган. (SE)

XS
SM
MD
LG