Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Ирандык футболчулар кемсинтүүдөн улам курама командадан кетет


Сердар Азмун.
Сердар Азмун.

Ирандын мыкты деп саналган эки футболчусу курама командадан кетет. Алар Орусияда өтүп жаткан футбол чемпионатында утулуп калгандан кийин социалдык тармактарда жазылган сын-пикирлерден улам ушундай чечимге келишкен.

23 жаштагы чабуулчу Сердар Азмун билдиргендей, анын дарегине айтылган кемсинтүү мүнөзүндөгү пикирлер апасынын саламаттыгына залакасын тийгизди. "Мен энемди тандадым", - деп жазды ал "Инстаграмдагы" баракчасына.

Азмун голдордун саны боюнча команданын сап башында турат. Бирок чемпионат учурунда бир канча жолку аракетине карабай, дарбазага топ киргизе албаганы күйөрмандарын нааразы кылды.

Дагы бир оюнчу - 30 жаштагы Реза Гуччанежад чемпионаттагы үч оюнда ийгилик жарата албаганынан улам курамадан кетип жатканын билдирди.

Иран дүйнөлүк чемпионатта Марокко, Испания жана Португалия менен ойногон, бирок финалга чыга алган эмес.

XS
SM
MD
LG