Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Ошто спортчу зордуктоого шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында ММА мушкери, 24 жаштагы жигит зордуктоого шектелип кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын шериги уюшма кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү болгон. Алар 25 жаштагы аялдын арызы менен 30-июнга караган түнү колго түшүп, эки суткага камалышты.

Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр буга чейин эс алуучу жайлардын биринде эки кишини сабап, биринин жаагын сындырган, экинчиси жеңил жаракат алган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши ачылган. Ага кошумча 129-берене ("Зордуктоо") менен да кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG