Орусияда өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионатында Франция командасы Аргентинаны 4:3кө утуп, чейрек финалга чыкты. Беттеш 30-июнда Казан шаарында болду. Ошентип Мессинин командасы үйгө кайтып жатат.
Ушул эле күнү плей-офф оюндарынын алкагында Уругвай менен Португалия күч сынашып, 2:1 эсебинде Уругвай утуп алды. Жыйынтыгында Роналдунун командасы да чемпионаттан четтеди.
Футбол боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Германиянын командасы да 27-июнда утулуп, үйгө кайтууга мажбур болгон.
14-июнда башталган чемпионат 15-июлда бүтөт. Оюндар Орусиянын бир канча шаарларында өтүүдө.