Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Аба ырайы: 2-июлда өткүн өтөт


Чүй өрөөнү, Көл-Төр аймагы. Июнь, 2018-жыл.
Чүй өрөөнү, Көл-Төр аймагы. Июнь, 2018-жыл.

2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтөт. Абанын түнкү температурасы 17…19, күндүз 31…33 градус болот.

XS
SM
MD
LG