Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Бишкекте бүгүн "Tengry Music-2018" фестивалы ачылат


2017-жылдагы Tengry music фестивалына келгендер.
2017-жылдагы Tengry music фестивалына келгендер.

Бишкекте 1-июлда "Tengry Music-2018" эл аралык фестивалынын ачылышы болот. Концерт Даир Асанов атындагы жеңиш багында өтөт.

Мэриядан кабарлашкандай, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Украинанын жана Азербайжандын музыканттары катышып, ачык асман алдында симфониялык оркестрдин концерти тартууланат.

Кыргызстандан Бишкек мэриясынын чоң симфониялык, президенттик камералык “Манас”, Чүй камералык жана Улуттук опера-балет театрынын оркестрлери катышат.

"Tengry Music" эл аралык фестивалы Кыргызстанда ушуну менен төртүнчү ирет өтүүдө. Буга чейин Европа өлкөлөрүнөн да музыканттар катышкан.

Алгачкы жылдары 1,5-2 миң адам чогулуп, ачык асман алдында отуруп музыка укса, былтыр 20 миңдей адам келген. Быйыл 50 миңдей көрүүчү болот деп болжолдонууда. (SE)

XS
SM
MD
LG