Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Кытайдан АКШнын 11 дипкызматкери эвакуацияланды


Кытай жана АКШ желектери.
Кытай жана АКШ желектери.

АКШнын Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген 11 кызматкер медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу "The New York Times" гезити Мамлекеттик департаменттин маалыматына таянып жазды.

Кабарга ылайык, сегиз киши Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдукта, бирөө Шанхайдагы консулдукта, экөө Бээжиндеги элчиликте иштейт. Алар өздөрүн жаман сезгени, ультраүндүү кубулуштар таасир эткен болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Алгачкы симптомдор Гуанчжоудагы кызматкерлерде апрелде байкалган.

Ушундай эле себеп менен АКШ менен Канада мурда Гаванадагы дипкызматкерлери эвакуациялаган.

XS
SM
MD
LG