Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:36

Чүйдө автоинспекторлор кабылган аварияда эки өмүр кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоинспекторлор кабылган аварияда эне-баланын өмүрү кыйылды. Окуя 1-июлда таңкы саат төрт жарымдарда болгонун Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, башкармалыктын эки кызматкери Боом капчыгайында кезметин бүтүп, Бишкекке келатканда каршылаш тилкеге чыгып кеткен "Toyota Avensis" машинеси менен кагылышкан. "Тойотадагы" 1 жашар кыз ошол жерде мерт кеткен. Анын апасы, 21 апасы жаштагы келин ооруканада көз жумду. Алар келаткан автоунаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Берки унааны айдап келаткан инспектор да оор абалда Токмоктогу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын жанындагы инспектордун баш мээси чайкалган.

Башкармалыктын алдын ала божомолуна ылайык, "Toyota Avensis" унаасында келаткандар тойдон кайткан, айдоочу рулда уктап кеткен болушу мүмкүн. Кырсыкты иликтөө, тергөө иштери башталды.

Ушул эле күнү Ысык-Көлгө бараткан жолдо да эки машине кагылышып, эки адам жашоо менен кош айтышкан.

Быйыл жыл башынан берки жол кырсыктарында 230дай адам набыт болду. 2017-жылы жолдогу авариялар 900дөн ашуун өмүрдү жалмаган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG