Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Москвадагы "Дикси" дүкөнүндө бир киши барымтага алынды


Москванын түндүк тарабындагы Чоң академиялык көчөдө жайгашкан "Дикси" супермаркетинде 1-июлда түшкө жуук белгисиз киши бир адамды барымтага алды. Жергиликтүү булактар полицияга таянып билдиргендей, күч кызматкерлери дүкөндү курчап, кылмышка шектүүнү кармоо аракетин көрүп жатат.

ТАСС агенттиги билдиргендей, "Тез жардамга" бир жабырлануучу тууралуу да маалымат түшкөн.

"Пятый канал" телевидениеси барымтага алган адам мас болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал сатуучуга бычак такап, 300 миң рубль берүүсүн жана күч кызматкерлери менен сүйлөшүүсүн талап кылган.

Кийинчерээк "Дикси" дүкөнүнүн кызматкери кылмышка шектүү киши сатуучуну эмес, сатып алуучуну барымтага алганын "Москва сүйлөйт" радиосуна кабарлаган.

XS
SM
MD
LG