Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Москвада дүкөндө барымтага алынган аял бошотулду


Москва полициясы "Дикси" дүкөнүндө иштеген аялды барымтага алган адамды кармады. Окуя 1-июлда Чоң академия көчөсүндө болду.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, аял бир аз жабыркаган, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Кылмышка шектүү адам суракка алынууда. Күбөлөр анын мас экенин билдиришкен.

"Дикси" супермаркетиндеги куткаруу операциясы үч саатка созулду.

Буга чейин Орусиянын "Пятый канал" телевидениеси барымтага алынган адам сатуучу экенин, шектүү андан 300 миң рубль талап кылганын жазган. "Москва сүйлөйт" радиосу болсо кылмышка шектүү киши кардарды барымтага алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG