Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:25

Кадамжайда милиционер сууга аккан кыздын өмүрүн сактап калды


Кадамжайда милиционер сууда агып бараткан кыздын өмүрүн сактап калды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июль күнү Кадамжай райондук милициясынын "102" номуруна өспүрүм кыз телефон чалып, "өзүмдү сууга таштайм, жашоодон тажадым" деп айтып, телефонду коюп койгон. Маалымат түшөөрү менен милиция кызматкерлери бир нече топко бөлүнүп, издөө иштерин башташкан.

Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бараткан кызды көрүп калып, аны куткарган. Күбөлөр милиционер сууда агып бараткан кызды алып чыккан учуру тартылган видеону "Азаттыкка" жөнөтүштү.

Сууга боюн таштаган кыз быйыл мектепти бүтүргөн. Ата-энеси Орусияда миграцияда. Өзү таенесинин колунда экени маалым болду.

Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын сураган учурда ал үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам ушундай ишке барганын билдирген. Кыз Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырылды. Азыр ден-соолугу жакшы. (MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG