Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Иранда таза суунун тартыштыгына нааразылар митингге чыкты


Коррамшахта нааразылыкка көз чалып турган күч кызматкерлери.
Коррамшахта нааразылыкка көз чалып турган күч кызматкерлери.

Ирандын Коррамшар шаарында ишембиде таза суунун тартыштыгына нааразы болуп чыккан жүздөгөн киши менен полиция кагылышты. ИРНА агенттиги 1-июлда кабарлагандай, акциянын катышуучулары өкмөткө каршы чакырык менен чыгышкан. Полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон соң эл кайра таш ыргытып, башаламандык түнү бою уланды. Социалдык тармакка тараган видеодо октун үнү жаңырган. Курмандыктар тууралуу маалымат жок.

20-23-июнь күндөрү Абадан шаарында да жүздөгөн киши таза суунун тартыштыгына нааразы болуп митинг уюштурушкан.

Хузестан аймагынын аткаминерлери Абадан жана Коррамшар шаарларында бир нече жумадан соң суу маселеси чечилерин, суу түтүктөрү оңдолорун убада кылган.

Иран бийлигинин сынчылары өкмөттүн чарбалык иштеги кемчиликтеринен улам дарыяларда суунун нугу азайып, ичүүчү суу маселеси курчуп баратканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG