Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Ооганстан: индустарды жана сикхтерди бутага алган кол салуудан 19 адам өлдү


Ооган президенти Ашраф Гани Жалалабад шаарында эл менен жолугууда. 1-июль, 2018-жыл
Ооган президенти Ашраф Гани Жалалабад шаарында эл менен жолугууда. 1-июль, 2018-жыл

Ооганстандын расмий бийлик адамдарынын айтымында, 1-июлда Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарындагы жанкечтинин индустарга жана сикхтерге жасаган кол салуусунан 19 адам өлүп, 20дай киши жаракат алды.

Аймактын полиция башчысы Гулам Санайи Станекзай жанкечти Жалалабадда президент менен боло турган жолугушууга келе жаткандарды бутага алганын билдирди. "Азаттыктын" ооган кызматынын кабарлашынча, жанкечтинин жардыруусунан кийин полиция шаар борборун курчоого алган.

Президент Ашраф Гани 1-июлда аймакка эки күндүк иш сапары менен келген. Анын өкүлү кабарлагандай, мамлекет башчысы Нангархар провинциясынан кете элек жана кол салуу болгон учурда ал жерден алыс жүргөн.

Бул кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Нангархар провинциясында "Талибан" кыймылынын жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери тез-тез жардырууларды уюштуруп турат.

30 миллион калкы бар Ооганстанда учурда миңдей гана сикх жана индус жашайт. Ал эми 1970-жылы өлкөдө 150 миңдей сикх жана индус болгон. 1980-жылы советтик аскерлер басып киргенден кийин миңдеген индустар менен сикхтер Индияга көчүп кеткен. Иммиграциянын экинчи толкуну 1990-жылы коммунисттик өкмөт кулап, түрдүү жихадчы топтор арасындагы жаатташтык согуш күчөгөн мезгилге туура келет.

XS
SM
MD
LG