Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Орусиянын бир канча шаарында пенсия курагын көтөрүүгө каршы митинг өтүп жатат


Омскидеги акциянын катышуучулары.
Омскидеги акциянын катышуучулары.

Пенсия курагын көтөрүүгө каршы акция Орусиянын футбол чемпионаты өтпөгөн бир катар ири шаарларында болуп жатат. Орус бийликтери Дүйнөлүк футбол чемпионаты учурунда Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда ар кандай массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.

1-июлдагы пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингдерди негизинен орусиячыл оппозиционер Алексей Навальныйдын аймактык штабдары уюштурууда. Навальный өзү бүгүн ага катышкан жок. Оппозиционер артынан аңдуу жүрүп жатканын байкаганын жана өмүрү үчүн кооптонуп турганын айтып, кечээ Орусиядан чыгып кеткен.

Бүгүнкү акцияны Коммунисттер (КПРФ), Либералдык-демократиялык (ЛДПР), "Адилеттүү Орусия", "Яблока" партияларынын жер-жерлердеги өкүлдөрү да өткөрүүдө.

Орус өкмөтү июнь айылда пенсия реформасын жарыялап, буга байланыштуу мыйзамды Мамлекеттик думага сунуштаган. Ага ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат.

Бир катар социалдык сурамжылоо жүргүзгөн кызматтар пенсия реформасы жарыялангандан кийин Орусияда президент Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп кеткенин маалымдашууда. Путиндин рейтинги июндун экинчи жумасында 62 пайыздан 54 пайызга чейин түшүп кеткен. "Общественное мнение" социологиялык фонду билдиргендей, бул 2013-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Ал эми коомдук маанайды изилдөөчү ВЦИОМ борбору Путиндин ишин жактагандардын пайызы 77ден беш пайызга азайганын маалымдайт.

Азыркы кезде Орусияда 43 миллиондой пенсионер катталган. Пенсия курагын көтөрүү реформасы пенсионерлерди 9 пайызга - 38,52 миллион адамга чейин кыскартаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG