Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:53

Футбол-2018: Орусия менен Хорватиянын беттеши 7-июлда болот 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын футбол боюнча курама командасы 1/8 финалдык беттешинде Испанияны жеңип алды. Оюн негизги жана кошумча убакытта 1:1 менен аяктап, пенальтиде орусиялыктар утту.

Муну менен Орусиянын командасы совет мезгилинен бери алгачкы жолу футбол боюнча дүйнө биринчилигинин чейрек финалына чыкты.

Испаниялыктар оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле алдыда болуп, 12-мүнөттө орусиялыктардын коргоочусу Сергей Игнашевич Серхио Рамоско каршы оюнда ката кетирди. Ал өз дарбазасына гол киргизип алса, Артем Дзюба 42-мүнөттө он бир метрлик айып тобун тээп, эсепти теңеди. Жеңүүчүнү аныкташ үчүн пенальти болуп, анда Орусиянын командасы 4:3 эсебинде ийгиликке жетти.

Эми орусиялыктар чейрек финалда 1/8 финалдык беттешинде Данияны жеңген Хорватия менен ойнойт. Оюндар 7-июлда Сочиде болот. Хорватиялыктар да 1/8 финалда Дания менен ойноп, негизги жана кошумча убакытта 1:1 эсебинде тең чыккан. Кийин алар пенальти тебүүдө 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.

XS
SM
MD
LG