Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери Орусияга кеткендер көбөйдү


Орусияда курулушта иштеген кыргызстандыктар. Воронеж. Архивдик сүрөт.
Орусияда курулушта иштеген кыргызстандыктар. Воронеж. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден бери Орусияга агылган кыргызстандык мигранттар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн жетекчиси Улан Шамшиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, азыр ар кайсы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар 800 миңден ашат. Анын 640 миңден ашыгы Орусияда.

Былтыр 2180 миңден ашык мигрант Орусияда маянасын ала албай кыргыз бийлигине кайрылган. Алар ала албай жүргөн акчанын жалпы суммасы 100 миллион рублдан ашык. Орусиянын тиешелүү мекемелери менен чогуу жүргүзүлгөн иш-аракеттерден кийин мигранттарга жалпы суммасы 41 миллион рубль маяна өндүрүлүп берилген.

Расмий эмес маалыматтарда Орусиядагы кыргызстандык мигранттар миллиондон ашаары айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG